Мээрим жана Сезим Жуманазаровалар элден бата алуу тоюн өткөрүштү
RU

Мээрим жана Сезим Жуманазаровалар элден бата алуу тоюн өткөрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токиодо өткөн Олимп оюндарынан Кыргызстандын курама командасына биринчилерден болуп байге алып, коло медалын тагынган Мээрим Жуманазарова жана анын сиңдиси элден бата алуу тоюн өткөрүштү.

Маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Иш-чарага балбан кыздардын жакындары, шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү катышкан.

Тойдун ачылышында бир туугандарды залга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова алып кирген. Ал эми алып баруучулук милдетти Канат Шабданбек аркалады. Мээрим Жуманазарова килемге чыккан күнү беттешти көрүп, андан таасирленип ыр жазган Эмил Балтагулов дагы тойдун коногу болуп, автордук чыгармасын аткарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3600