Кыздык тууралуу 9 миф. Гинекологдун түшүндүрмөсү
RU

Кыздык тууралуу 9 миф. Гинекологдун түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыздык тууралуу сөз башталганда эле түрдүү имиштер жаралып бара-бара мифтерге айланып калган. Жөнөкөй физиологиянын айланасында жаралган айрым абсурддук, аша чапкан жана жөнү жок маалыматты төгүндөйбүз.

Kaktus.media редакциясы "МЕДИ" клиникасынын гинекологу Айсулуу Мирадиловна Абдиева кайрылып, кыздыкка байланыштуу мифтер тууралуу сөз кылды.

1-миф. Кыздык туюк чел кабыкка окшош

Кындын ичин толугу менен жаап турган чел кабык жок, болгону көпчүлүктү адаштырган анатомиялык түзүлүш бар. Кындын ичинде шакекчеге окшогон былжыр чел бар, ал гүл чамбарга окшоп, тегерете каптап турат. Мына ошону кыздык белги (гимен) деп аташат.

Көпчүлүк кыздарда анын формасы овал түрүндо болуп, ортосунда тешиги бар. Бардыгында эле жылмакай жана түз боло бербейт.

Көбүнчө ичинде бүктөлүп турган жерлер жана бүдүрлөр бар, бирок бул сексуалдык активдүүлүктүн белгиси эмес. Кыздыктын көрүнүшү ар кандай болот, кээде "О" тамгасына эмес, "Ө" тамгасына окшоп калат. Кээ бирөөндө бир чоң тешиктин ордуна көптөгөн майда тешиктер бар. Кээ бирлеринде жоолуктун чачына окшош. Кээде ал кындын оозун толугу менен жабат. Мындай учурлар өтө катаал болуп саналат, анткени этек кири келген учурда анын агып чыгуусуна тоскоол болуп, кыйынчылыктарды жаратат. Мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет.

Кыздык кандай болбосун ийкемдүү жана чоюлчаак болот, бирок бул кындын ичиндеги эң кууш жери болгондуктан, ийкемдүүлүгүнүн чеги бар.

2-миф. Кыздыкты жоготкондон кийин кыздын басканы өзгөрөт.

Биринчи секстен кийин басыктын өзгөрүшү үчүн эмне кылуу керек экенин билбейм. Бул ойдон чыгарылган жомок. Баскан-турганынан кыздын кыз же кыз эмес экенин билип коём деген жигиттер жаңылышат.

3-миф. Балдарың биринчи өнөктөшкө окшош болот, анткени гендери кында калып калат.

Кындын генетикалык эс тутуму жок, андыктан мындай болушу мүмкүн эмес. Баланын атасы менен энеси балага берилүүчү гендердин жалгыз алып жүрүүчүлөрү. Башкалар болушу мүмкүн эмес.

4-миф. Биринчи жыныстык катнашта дайым кан кетет.

Биринчи жыныстык катнаш учурунда кыздык кын менен кошо чоюлат. Кээ бир аялдарда ийкемдүү болгондуктан, эч кандай кыйынчылыксыз созулса, кээ бирлеринде айрылып, кан кетиши мүмкүн. Башкача айтканда, кээ бир адамдар биринчи жыныстык катнаш учурунда кан кетет, кээ бирлеринде андай болбойт. Мунун баары кыздыктын ийкемдүүлүгүнө жараша болот.

Биринчи жыныстык катнашта канча аялдан кан кеткенин так айтуу өтө кыйын. Статистика бар, бирок көрсөткүчтөр башка. Мен изилдеген эки изилдөөдө аялдардын 56-40% ы биринчи жыныстык катнашта кан кетет деп ырасташкан.

5-миф. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда, коргонуучу каражаттарды колдонуунун кажети жок.

Репродуктивдүү курактагы кыздарда биринчи жыныстык катнаштан кийин эле кош бойлуулук болушу мүмкүн. Сиздин өнөктөшүңүз презерватив колдонуу ыңгайсыз дегенин этибарга албагыла. Ар дайым коргонуучу каражаттарды колдонуу керек.

6-миф. Кыздыкты ат мингенде/гимнастика менен машыкканда жоготуп алуу мүмкүн.

Секс - бул секс, спорт - бул спорт. Кээ бир спорттук иш-аракеттер кыздыктын ийкемдүүлүгүнүн жогорулашына алып келиши мүмкүн. Бирок, бул кыздын анатомиялык өзгөчөлүгүнө айланып калат. Спорт учурунда дефлорация болбойт.

7-миф. Кыздык бар экенин көрүп аныктаса болот.

Текшерип кыздыгы бар деген сертификатты берген дарыгерлер бар экен. Бул акылга сыйбаган нерсе. Аялдын жыныстык мүчөсүн карап жыныстык катнашта болгон-болбогонун аныктоо мүмкүн эмес. Кыздыкты текшерүү тесттери да иштебейт.

Бирок гименопластика жасатканбы же жокпу билсе болот. Гинеколог кынды карап хирургиялык жиптер бар-жогун аныктайт. Бул 3 күндөн 5 күнгө чейин кыздык иллюзиясын жаратат.

8-миф. Кыздыгы барларга гинекологго кайрылган болбойт.

Кичине кезинен эле гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп туруу керек, өзгөчө өспүрүм куракта. Кыздар бара-бара уялбай, дарыгерге көңүп, гинекологго көрүнүп турууну керектүү адатка айландырып алышат.

9-миф. Кыздык белгилүү бир жаш куракка чейин алынышы керек

Жыныстык катнашка баруу же барбоо - бул адамдын тандоосу. Кыздыкты 18 жашыңызда же 40 жашта жоготосузбу айырмасы жок. Бул ден соолугуңузга эч кандай таасирин тийгизбейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3627