Кыргызстанда премьер-министр болуу кооптуу жумуш. Камакта отурган өкмөт жетекчилери
RU

Кыргызстанда премьер-министр болуу кооптуу жумуш. Камакта отурган өкмөт жетекчилери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр" или боюнча иликтөө уланууда, бул кылмыш боюнча уламдан-улам эң жогорку чиндеги өкмөт жетекчилери жоопко тартылып жатат. УКМКнын СИЗОсунда бир нече экс-премьер-министр отурат, дагы бир нечеси үй камагында. Экс-премьер министрлерди башка кылмыш иштерине да тийиштиги бар деп, камакка алып жатышат.

Kaktus.media 2010-жылдан бери өкмөттү жетектеген канча премьер камакта отурганын, канчасы эркиндикте жүргөнүн карап чыкты.

Роза Отунбаева (07.04.2010-17.12.2010) УКМКга жана ИИМге суракка чакырылган жок.

Алмазбек Атамбаев (17.12.2010-01.12.2011) учурда №47-түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жатат. Ал 2019-жылы эле камакка алынган. Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголгон:

  • "Коррупция" - (Азис Батукаевдин иши боюнча 11 жылга кесилген);
  • "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу";
  • "Мыйзмсыз баюу";
  • "2020-жылдын 9-октябрында баш аламандыктарды уюштуруу" (тергөө жүрүп жатат);
  • "2016-жылы Түркиянын 10 жаранына Кыргызстандын паспортторун мыйзамсыз берүү" - (тергөө жүрүп жатат).

Өмүрбек Бабанов (01.12.2011-01.09.2012) - "Кумтөр" иши боюнча коррупция фактыларынын негизинде айыпталууда. УКМКнын СИЗОсунда бир аз эле отуруп, андан кийин Россияга дарыланууга учуп кеткен. Бир айдан кийин мекенине кайтып келди. Бирок аны кайрадан камакка алуу тууралуу кеп козголо элек. Учурда үй амагында.

Жантөрө Сатыбалдиев (05.09.2012-25.03.2014) ТЭЦти модернизациялоо иши боюнча жети жарым жылга соттолгон. Жакында эле ооруанадан дарыланып чыкты.

Жоомарт Оторбаев (25.03.2014-01.05.2015) "Кумтөр" иши боюнча Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого жол берген деп айыпталууда. Анткени мөңгүлөр тууралуу мыйзамды кабыл албай койгон. УКМКнын СИЗОсунда 2 жума болот (30-сентябрга чейин).

Темир Сариев (01.05.2015-16.04.2016) "Кумтөр" иши боюнча айыпталууда, тагыраак айтканда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган кезинде "Кумтөр" кенинин экологияга тийгизген терс таасиринин наркын миллиарддаган сомго төмөндөтүп салган имиш. УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин болот.

Сооронбай Жээнбеков (13.04.2016-21.08.2017) бир нече жолу "Кумтөр" иши боюнча УКМКга суракка чакыртылган. Бирок расмий түрдө эч кандай айыптоолор тагыла элек.

Сапар Исаков (25.08.2017-19.04.2018) 2019-жылы ТЭЦти модернизациялоо иши боюнча 15 жылга соттолгон. Бирок 2020-жылдын 6-октябрында, түнкүсүн бошотулган, андан кийин Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын штурм менен алып жаткан учурда жок болуп кеткен. Бүгүнкү күндө ага издөө жарыяланган.

Мухаммедкалый Абылгазиев (20.04.2018-16.06.2020) премьер-министр болуп турган кезинде "Кумтөр" компаниясына гео чалгындоо жүргүзүу үчүн кошумча жер бөлүп берүугө уруксат берген токтомго кол койгондугу үчүн айыпталууда. Алтын кендин жалпы аянты 26,3 миң гектарга чейин кеңейген. Анын ичинде мөңгүлөр жана жаратылыш коругу да кирген.

Кубатбек Боронов (17.06.2020- 9.10.2020) - расмий түрдө анын "Кумтөр" иши боюнча суракка чакыртылганы тууралуу маалымат болгон эмес. Бирок ЭКККУга 2020-жылы гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча сурак бергени белгилүү.

Садыр Жапаров (10.10.2020-21.01.2021) ИИМге суракка чакыртылган эмес.

Улукбек Марипов (05.05.2021- тартып азыркы күнгө чейин) УКМКга жана ИИМге сурак берүүгө чакыртылган эмес.

Ошону менен 2010-2021-жылдар аралыгында премьер-министр кызматын аркалаган 12 чиновниктин ичинен 5ө эркиндикте, 4ү камакта, 2ө үй камагында, дагы бирөөсүнө издөө салынган.

Ошону менен болгону беш киши эркиндикте анын ичинен бирөөсү учурда кызматын аркалап жатат - бул Улукбек Марипов, экинчиси КРдин азыркы президенти Садыр Жапаров. Калгандары Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Кубатбек Боронов.

Түрмөдө экөө - Алмазбек Атамбаев менен Жантөрө Сатыбалдиев.

Экөө УКМКнын СИЗОсунда - Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев.

Экөө үй камагында - Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Дагы бирөөсүнө издөө салынган - Сапар Исаков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3637