Конституциялык палата "Реформа" партиясынын доо-арызы боюнча чечимдин текстин жарыялады
RU

Конституциялык палата "Реформа" партиясынын доо-арызы боюнча чечимдин текстин жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эске салсак, парламенттик шайлоо кайрадан 22-декабрда өтүшү керек болчу, бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоону жарым жылга жылдыруу мыйзамын кабыл алган. "Реформа" партиясы КРдин Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу жөнөтүп, анда мыйзам конституцияга ылайык келбей турганын кабыл алууну өтүнгөн. Венециялык комиссиянын корутундусунда да өзүнүн мөөнөтүн узартып алган Жогорку Кеңештин чакырымы айрым гана функцияларын аткара алат жана өзгөчө чаралар боюнча чечим кабыл ала албайт, анын ичинде шайлоону жылдыра албайт, деп көрсөтүлгөн.

Бирок Конституциялык палата "Реформа" партиясынын арызын канааттандырган жок.

Чечимде эмне деп жазылган?

  • "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндө КРдин конституциялык Мыйзамы КРдин Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүмүнө, 3-беренесинин 1,3-пунктарына, 52-беренесинин 1-бөлүмүнө, 70-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 71-беренесинин 4-бөлүмүнө, 80-беренесинин 5-бөлүмүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
  • Бул акыркы чечим жана кайра каралууга жатпайт, жарыяланган учурунан тартып күчүнө кирет.
  • Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү башкаруу органдар, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана физикалык жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
  • Бул чечим мамлекеттик бийликтин бардык расмий басылмаларында жана ЖС КПнин расмий сайтында, КРдин Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын гезитинде жарыяланууга тийиш.

Толук текстти тиркелген файлды жүктөп окусаңыз болот.

Тиркелген файлдар
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/36