Улуттук Банк Самат Ибраевдин сынына жооп кайтарды (Абыдгуловдун отсавкасына чейин)
RU

Улуттук Банк Самат Ибраевдин сынына жооп кайтарды (Абыдгуловдун отсавкасына чейин)

Все самое интересное в Telegram

Улуттук Банк Kaktus.media'га депутат Самат Ибраевдин өлкөдөгү финансы секторунун өнүгүүсүндөгү татаалдыктар боюнча берген сынына жооп кайтарды.

КРдин Улуттук Банкы өлкөдөгү финансылык жана банк тармагын көзөмөлдөөчү орган катары туруктуулукту, ишенимдүүлүктү жана финансы менен банк системасындагы ачыктыкты камсыздоо жана тобокелчиликти минималдаштыруу үчүн жооп берет.

"Жаңы финансылык технологияларды киргизүү учурдагы финансы рыногуна таасир этүүсүн, керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укугун коргоо, финансы кызматтарынын жарандарга жана бизнеске жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен ишке ашырылат", - деп регулятор шарттарды тизмектеди.

Улуттук банк бардык тобокелчиликтерди эске алып, биринин аркасынан экинчиси жүрүп отурган өнүгүүнү камсыздоого тийиш. Анткени кеп финансылык алдамчылыктын алдын алуу жана жарандардын каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө болуп жатат.

Насыялар боюнча пайыздык ченемдер тууралуу

Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялар берген насыялар боюнча пайыздык ченемдердин төмөндөшүнө таасир этет деп божомолдонушу мезгилинен эрте жана манипулятивдик таризде, башкача айтканда, так ошондой болот дегенге объективдүү негиз жок, деп регулятор баса белгиледи.

"Анын үстүнө коомчулукка финтехти киргизгенден кийинки регулятивдик таасир этүүсү жана конкреттүү механизмдери сунушталган жок. Финансылык технологияларды киргизүү кыйыр түрдө же түздөн-түз насыялар боюнча ченемдерге таасир этиши мүмкүн, эгер бул техногиялар, мисалы финансы компаниялардын операциялык чыгымдарын төмөндөтүүгө багытталса. Бирок, финтех компаниясынын бизнес чечимин тиешелүү баасын эске албай туруп бүгүнкү деңгээлден эки эсеге төмөндөтүү тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес", - деп КРдин Улуттук Банкы билдирди.

Экономика рыногунда насыя боюнча ченемдер үч негизги компонеттен калыптанат:

  • тартылган ресурстардын наркы;
  • тартылып келген каражаттарга байланыштуу андан аркы тобокелчиликтер (экономикадагы кырдаалдын өзгөрүшү, валюта курсунун өзгөрүшү, кредиттин кайтпай калышы ж.б.);
  • кредиттик мекемелердин административдик чыгымдары.

финансылык технологиялар өздөрү калктын каражатын тартып келип, же калкка насыя берүү менен алектене албайт. Алар операцияларды өткөрүү ыкмаларын жакшыртып, финансылык компаниялардын кардарлары менен кызматташуу каналдарында колдонулат. Ошондуктан насыялар боюнча берилген пайыздык чендерге түздөн түз таасир эте алышпайт.

Улуттук Банк эскерткендей пайыздык чендер туруктуу негизде төмөндөп турат. Акыркы беш жылда насыя боюнча пайыздык чендер орточо эсеп менен 19,1ден 14,2%га чейин төмөндөдү. Улуттук валютадагы чендер 23төн 16,3%га төмөндөдү. Бул төмөндөтүүлөргө Улуттук Банктын кредиттик аукциондору таасир этти.

"Улуттук банк белгисиз чендер менен башка банктарга займ берет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Насыялык аукциондор тууралуу маалымат сайтта бар. Андан тышкары Улуттук Банк криминалдуу финтехти көзөмөлдөбөйт деген айыптоо негизсиз. Улуттук Банк өзүнө тийиштүү субъекттерди гана көзөмөлдөйт жана өзүнүн ыйгарым укутарынан сырткары чыкпайт", - деп финансылык регулятор баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/3702