Кыргызстандын биринчи айымдары кимдер болгон? + Айгүл Жапарова (фото, видео)
RU

Кыргызстандын биринчи айымдары кимдер болгон? + Айгүл Жапарова (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жаңы президенттин пайда болушу менен жаңы биринчи айым да пайда болот. Бул ирет Садыр Жапаровдун жубайы - Айгүл Асанбаева Кыргызстандын канайымы статусуна ээ болду. Буга чейин ал күйөөсүн сот процесстеринде активдүү колдоп келген.

Kaktus.media Кыргызстандын бардык президенттеринин жубайларын эскерүүнү чечти.

Майрам Акаева

Туулган жери жана жылы: 1947-ж, Талас облусунун, Шумкар айылы. Ал азыр 73 жашта. 44 жашында Кыргызстандын биринчи канайымы болгон.

Билими: Ленинград технологиялык институту (1970), Ленинград текстиль жана женил өндүрүш институтунун аспирантурасы (1974).

Балдары: уулдары Айдар менен Илим, кыздары Бермет менен Саадат. Айдар 2020-жылдын 6-февралында каза болгон.

Майрам Акаева активдүү иш алып баргандыгы жана укмуштуудай саясий таасири менен кыргызстандыктардын эсинде калды. Өлкөдөгү көптөгөн ири маселелер анын көзөмөлү менен чечилген.

Биринчи айым болуп турган кезде "Мээрим" эне жана баланы колдоо эл аралык кайрымдуулук фондунун төрайымы, КРдеги ЮНЕСКО мектептер жана клубдар ассоциациясынын президенти, "SOS - Кыргызстандагы балдар кыштагы" эл аралык фондунун президенти болгон. 2001-жылы "Илимдин жылдыздары", "Үмүттүн шооласы өчпөйт. Президенттин аялынын каттары" аттуу китептерин чыгарган.

Азыр Майрам Акаева Россияда жолдошу Аскар Акаев менен бирге жашайт. Алардын төрт небереси бар.

Татьяна Бакиева

Белгилей кетчү жагдай, 2011-жылы Бакиевдер Кыргызстандан качкандан кийин, Курманбек Бакиев 1995-жылдан тартып Назгүл Төлөмүшова менен жашап келгени белгилүү болгон (алар азыр деле Минскийде бирге жашашат, эки баласы бар).

Бирок, президент болуп турганда Курманбек Бакиевдин расмий жубайы Татьяна Бакиева болуп эсептелинчү. Ал күйөөсүн бардык расмий иш чараларга жана чет өлкөгө болгон иш сапарларга коштоп барчу.

Туулган жери жана жылы: 26-январь, 1940-жылдардын соңу, Куйбышев шаары (азыркы аталышы Россия, Самара). Курманбек Бакиев экөө 1970-жылы баш кошушкан, ал эми 1972-жылы тун баласын төрөгөн. Кыз кезиндеги фамилиясы Петрова.

Билими: Куйбышев политехникалык институту, адистиги - инженер технолог.

Балдары: уулдары Марат жана Максим. Алардын бир небереси - Руслан Бакиев тууралуу гана белгилүү. Ал Беларусияда чоң энесинин фамилиясы менен жашап, бизнес менен алектенет. Татьяна Бакиева үй кожойкеси болчу.

Биринчи айым болуп турган чагында активдүүлүгү минималдуу эле. Кез-кезде гана жолдошун мамлекеттик расмий иш чараларга коштоп барчу. Берген интервьюлардын биринде: "Мен, менин атым Майрам Акаеванын атынын жанында турушун каалабайм. Экөөбүз эки башка уюлбуз, ал түндүк уюл, мен түштүк уюл, ак менен карадай", - деп айтканы бар.

Татьяна Бакиева, азыркы тапта кайсы жерде экенин так белгисиз. Айрым ММКлардын билдирүүсү боюнча, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин, Кыргызстандан качып чыгып уулдары менен бирге Минскийде жашайт.

Раиса Атамбаева

Туулган жери жана жылы: 1958-жылдын 23-июнунда, Ош шаарында туулган. 1988-жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин экинчи жубайы.

Билими: Кыргыз Мамлекеттик Медицина институту, медицина илимдеринин кандидаты.

Балдары: уулу Кадыр жана кызы Алия, андан тышкары эки небереси бар - Таир менен Аюна (Алиянын балдары).

Кыргызстандын канайымы болгонго чейин Раиса Атамбаева илимий иш менен алектенип келген. 2011-жылдан тартып Медицина академиясында гигиена дсициплиналар кафедрасынын доценти.

Раиса Атамбаева жолдошунун саясий жашоосуна активдүү катышып келген. Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин УКМКнын сотторунун жанында туруп, митинг, пикеттерге катышчу. Күйөөсү президенттиктен кеткенден кийин пресса менен да көбүрөөк баарлашып, кеңири маалымат берип калган.

Күйөөсүнө жасаган таасири тууаралуу көп айтылбайт, бирок Манас Арабаевдин айтымында, айрым маселелер ал аркылуу чечилчү.

Айгүл Токоева

Эң жашыруун канайым - Сооронбай Жээнбековдун жубайы. Расмий берилген маалымат боюнча Айгүл Токоева Сооронбай Жээнбековдон 10 жашка кичүү. Ал 1968-жылы туулган. Бирок башка маалыматтарга ылайык 1967-жылы.

Анын билими жогорку, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес.

Айгул Токоева көп бир тууган үй-бүлөнүн эң улуусу.

Жубайлардын эки баласы, бир небереси бар. Улуу кызыи Бактыгүл - турмушка чыккан, кичүү уулу Иман - мектеп окуучусу. Небересинин аты Алиаскар.

Биринчи айымды, биринчи жолу, 2017-жылы ноябрь айында өткөн Кыргызстандын президентинин инаугурациясы учурунда көргөнбүз. Андан кийин ал эл алдына көп чыккан эмес.

Айгул Асанбаева

Туулган жери: Ысык-Көл облусунда, Түп районунун, Сан-Таш айылында туулган, жашы 48де. Педагогика тармагында орто жана жогору билими бар.

Балдары: Жапаровдордун төрт баласы бар - улуу баласы Дастан 2019-жылы автокырсыктан улам каза болуп калган. Ошондой эле Айгүл Асанбаева каза болуп калган кайнисинин баласын багып алышкан. Учурда Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым бар. 2019-жылы үйлөнгөн Рустам деген уулунан Саара деген неберелүү болушкан.

Айгүл Асанбаева социалдык тармактарда активдүү. "Мекенчил" партиясынын депутаттар тизмесине Гүлнур Асанбаева деген ат менен катталган. Көрсө, анын паспорт боюнча коюлган аты ушундай экен.

Айгүл Асанбаева күйөөсү Садыр Жапаров менен уулу Рустам камакка алынганда, ошол учурда биринчи айым болуп турган Раиса Атамбаевага, уулун СИЗОдон бошотуп коюуну суранып кайрылган.

"Мен үчун бул белги катары болгон. Биринчи айым боорукер болушу керек экен", - деп Садыр Жапаров президенттин м.а. болгондо, интервьюлардын биринде айткан.

Айгүл Асанбаева кандай биринчи айым боло турганын убакыт көрсөтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/371