Асылбек Жээнбековдун сотто сүйлөгөн сөзү
RU

Асылбек Жээнбековдун сотто сүйлөгөн сөзү

Все самое интересное в Telegram

24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековду жазага тартуу чарасын караган. Сот жабык форматта өткөндүктөн айыпталуучулардын көрсөтмөлөрү аудиого жаздырылган.

Жээнбековдун тарапташтары сот жыйынындагы айдио жаздырууну Kaktus.media'га өткөрүп беришкен.

Окугандан эринип жатсаңар аудиосун уксаңар болот.

Асылбек Жээнбековдун сөзү, кыскача.

2012-жылы добуш бергенде комиссиянын чечими өткөн эмес. Ушул төрт айда тергөөчүлөр "Кумтөр" боюнча комиссиянын чечими менен таанышып чыкса жакшы болмок. Куру дооматтарды коюп мыйзам талаасына өтсөк болмок. Маселени 120 депутат талкуулаган, "Кумтөр" ар дайым өлко үчүн маанилүу болчу. Көпчүлүк депутаттар, анын ичинде Садыр Жапаров жетектеген депутаттар тобу бийликтин чечимин сындашкан. Алар башка токтом сунушташкан. Жарым күндө эле бүтүрүш керек эле, жарым күндө эле чечим чыгып калса, жакшы болмок эле деп күнөө коюп жатат. "Кумтөр" боюнча маселе бир күндө бүтө турчу нерсе эмес. V чакырылыштагы парламентти башкаруу мүмкүн эмес эле. Анткени ар бир депутаттын жеке ою бар болчу. Дегеле ошол чакырылыш абдан сапаттуу болгон.

Комиссиянын чечими компромистик болуп, анын негизинде мамлекеттик комиссия түзүүго шарт жаралды, кийин ал тышкы башкарууну жүргүздү. Алар "Кумтөрдү" улутташтырууга даяр эле. Азыр камакта отургандардын укуктары жана Конституция бузулуп жатат. Жээнбеков менен Зулпукаровдун камака болушу адилетсиздик. Бардыгын мыйзам чегинде ишке ашыруу керек. Жээнбековдун абийири таза.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алар дагы эки, ай-30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болушат.

Депутат Асылбек Жээнбековдун 2021-жылдын 24-сентябрында Биринча май райондук сотунда сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы.

Урматтуу сот, урматтуу катышуучулар, "Парламент "Кумтөр" боюнча маселени кароону создуктуруп, 2012-жылдын 20-июнунда, 22-июнунда, 27синде, 3 күн караган. Жыйынтыгында, депутаттык убактылуу комиссиянын чечими өтпөй калды" деп бизге айып коюп жатышат.

Чындыкка жетеличи. Мени камагандарына 4 ай болду. Башында Жогорку Кеңештин ошол кездеги жыйындарынын стенограммаларын окудуңарбы? деп сурадым эле. Анда окуганга мүмкүнчүлүгүңөр болгон эмес.

Азыр эми 4 ай өттү. 4 айдан бери убакыт болду, прокурор да, сот да башынан аягынан чейин окуп чыгышса керек.

Бир мисал келтиргилечи, мына ошол күндөрдүн стенограммасында кайсы жеринде мен төрага катары бир тарапка тартыпмын? Жок, калыстык менен гана отурумдар алып барылган.

Биринчиден, абдан маанилүү маселе каралганда депутаттардын баары жазылат. 120 депутат сурооого жазылган. Анан кийин талкуу болот. Ага да 120 депутат жазылат.

Жарым күндө физикалык жактан алып караганда да бүтмөк эмес. Мамлекет үчүн маанилүү маселелер каралганда талаш тартыш менен бир күндө эч качан бүтмөк эмес, бүткөн да эмес.

Маанилүү маселе да Кумтөр, жөнөкөй эмес. Көчөдөн алып келип эле кое коюп эле өткөрүп жиберчү маселе эмес да.

10% биздин ички дүң продуктуну берген маселе, баш аягы 5 миң киши иштейт.

Ошол маал кыйын учур эле. 2012-жыл эле, кыйын күндөр эле. 2010-жылдан кийин экономика артка кайтып, мамлекет эми-эми кайра бутуна туруп жаткан кез эле. Чоң тобокелчиликтер бар эле. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарын түшүнсө болот, аябай талаш тартыш болгон. Аны эми стенограмманы окуган адам өзү эле түшүнөт. Талкуунун биринчи күнүндө эле комиссиянын мүчөлөрүндө ар башка ойлор, талаштар пайда болду.

Мына, директорлор кеңеши боюнча, депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн айрымдары сырткы башкарууга каршы чыгышты. Финансы боюнча көп тартыштар болду. Депутаттар маселени абдан сын менен кароого киришти. Ошол депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров мүчө болгон "Ата-журт" фракциясынан дагы сын менен карашты. Комиссиянын даярдаган токтом долбоору боюнча талаш тартыш чыкты. Натыйжада, фракциялар тарабынан 3-4 альтернативдүү токтом чыгарылды. Садыр Жапаровдун партиялаштары убактылуу депутаттык комиссия сунуштаган долбоорду кайра иштеп чыгыш керек экен деп сүйлөштү.

Комиссиянын мүчөлөрү айрым пунктарга макул эместигин билдиришти. Талаш-тартыш, сын, өзгөчө пикирлер, полярдуу көз караштар демократиялык парламент үчүн табигый нерсе. Анан кантип жарым күндө чечим чыгып калат? Ошондой болсо гана. Мүмкүн да эмес эле андай болушу. Азыр эми күнөө коюп жатат, жарым күндө эле бүтүрүш керек эле, жарым күндө эле чечим чыгып калса, жакшы болмок эле деп.

5-чакырылыштын өзгөчөлүгүн айтып кетким келет.

5-чакырылышка бийлик өзүнүн каалаган депутаттарын өткөзө алган жок, 2010-жылдан кийин. Ага убактысы да жеткен эмес. Эл өзү каалаган талапкерлерин шайлап, депутат кылды. Ошол үчүн 5-чакырылышта күчтүү оппозиция болду. "Ата-журт" биринчи орунда келди. Башкасын айтпайын, парламентте Президентти сындап турушту. Күчтүү Жогорку Кеңеш болгон. 5-чакырылышта тажрыйбалуу, билимдүү, өзүнүнүкүн бербеген депутаттар көпчүлүк болду. Эми өзүңүздөр ойлогула. Биринчи жолу жаңы Конституцияга ылайык партиялык система толугу менен ишке ашты, беш фракция болду. Депутаттар төрагага баш ийбейт. Биринчи кезекте өзүнүн фракциясына баш ийет, лидерине баш ийет.

Ошонун тизмеси менен келген. Кантип эле мага баш ийип калат? Ошол эле комитеттин төрагалары фракциялардын квотасы менен төрага болуп шайланат, орун басар болуп шайланат. Биринчи жолу ушундай альтернативдүү пикирлер болуп, фракционность пайда болду. Баардык маселелер дебейин, бирок маанилүү маселер биринчи фракцияларда талкууланып, ал жерде чечим кабыл алынып, анан Жогорку Кеңешке алып чыгарылат. Ушуну түшүнүш керек.

Анан ушундай ар кыл көз караштар күчтүү болгон Жогорку Кеңеште, ушундай талаш тартышта, күчтүү оппозицияда жарым күндө ушундай маселени алып келип, жарым күндө чечим кабыл алып коюш мүмкүн эмес эле.

Эми айып коюуда, жарым күндө кылып койсо болот эле, силер үч күнгө чойдуңар дейт. Стенограмманы окуңуздарчы. Кабыл алынган токтомдор өздөрү айтып турат, окуган адам түшүнөт. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргогон чечимдерди гана кабыл алган.

Токтомго келсек. Айыптоочулар жазып жатат, жумшак чечим кабыл алынды деп.

Көрсөткүлөчү мага, кайсы жери жумшак? Башында окуган жок элеңер, эми окуп чыктыңар. Көрсөткүлөчү кайсы жери жумшак?

Мына, КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомдо 2-пункт менен жазып жатабыз. "2003-жылдагы "Кумтөр" боюнча инвестициялык келишим кыргыз элинин, мамлекетинин кызыкчылыгына терең каршы келет. Ошол келишимди түзгөндө коррупция бар" деп жазып жатабыз биз, токтомдо.

Токтомдун 3-пункту менен Садыр Жапаровдун ишин улантыш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлсүн деп жатабыз. Токтоткон жокпуз жумушту.

Мына ушул иш боюнча 2012-жыл менен 2021-жылды салыштыралы.

2021-жылы мен депутат болуп турганда мына ушул Жогорку Кеңеш чечим кабыл алдык, "Кумтөр" боюнча маселени кайра карадык.

Биринчи, депутаттык комиссия түзүлдү. Макул деп добуш бердик.

Бир жумадан кийин Акылбек Жапаров чыгып айтты. "Бул маселени чечиш үчүн депутаттык комиссиянын ыйгарым укугу жетпейт экен, мамлекеттик комиссия түзүш керек" деди.

Биз макул болуп, 2012-жылдагыдай эле мамлекеттик комиссияны түзүүнү колдоп бердик.

Мына ошол мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мына азыр Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилди. Башкарууну өзүбүздүн колубузга алдык десек болот. Мамлекеттик комиссиянын сунушу менен ушундай чечим кабыл алынды.

Мындай чечимди кабыл алуу кандайча мүмкүн болду? Эмне үчүн дегенде Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт бирдиктүү бир позицияда турду. Мына эми жетип бышылды десек болот. Бирок, ошондо да депутаттар сарсанаа болду, кандай болот, токтоп, иштебей калбайбы деп сурады. Акылбек Жапаровго ачык эле суроо берилди, "Бир нерсе болсо ким жоопкерчилик алат?" деп.

Акылбек Жапаров ачык эле айтты, "Президент Садыр Жапаров жоопкерчиликти алат" деди. Биз колдоп бердик.

Мен муну эмнеге (аналогия) салыштырып айтып жатам? Түшүнсүн деп жатам.

Эмне үчүн биз ошондо да депутаттык комиссиянын чечимин колдоп, ошондо дагы мамлекеттик комиссия түздүк, Темир Сариев башкарган мамлекеттик комиссия түздүк. Биз депутаттык комиссиянын ишин жокко чыгарган жокпуз. Биз анын ыйгарым укугу жетпейт деп, көбүрөөк укук берилген мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Мына, 3-пункт менен Садыр Жапаровдун ишин улантыш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлсүн деп, ишин токтоткон эмеспиз. Тагыраак айтканда, жумушун уланттык да.

4-пункт менен Садыр Жапаровдун комиссиясынын жыйынтык иши боюнча тапшырма берип жатабыз.

Дал ошол депутаттык комиссиянын жумушунун жыйынтыгы боюнча абдан көп тапшырма бердик.

Бешинчи, өкмөткө тапшырма берип жатабыз, чечимдерди жокко чыгаруу боюнча.

Кийин Өмүрбек Токтогулович Бабанов дагы айтты го, 16 миң гектарды кайтардым деп.

Ал эмненин натыйжасында ишке ашты? Анткени биз токтом менен тапшырма бергенбиз, Кумтөрдөн 16 миң гектарды алыш керек деп. 10 күндөн кийин, биз 1-2 жолу эскерткенден кийин ал токтомду чыгарып жатат, 16 миң гектар алынып жатат.

Сарычат-Эрташ заповедниги боюнча токтомдордун чечимдери жокко чыгарылсын деп чечим чыгарып жатабыз. Салыктар боюнча мурунку чечимдер жокко чыгарылсын дедик, эмне үчүн дегенде салыктар боюнча кыйла жеңилдиктер берилген болчу.

2003-жылкы келишимден чыгуу боюнча чечим даярдалсын деп, бир топ лицензиялар жокко чыгарылсын деп жазып жатабыз токтомго.

Генпрокуратурага катуу тапшырмалар берилди. Биринчи жолу Президентке сунуш берилип жатат токтом менен, 2009-жылкы Указды жокко чыгар деп.

Эми жумшагын таап бергилечи чечимдердин. Кайсы жери жумшак болду? Ошол депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча мамкомиссиянын жыйынтыгы боюнча дагы кай жери жумшак болду?

21-февраль 2013-жылы мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алдык. Бир чечимге келе албасаңар деп жазып жатабыз ал жерге, 24-апрель 2009-жылкы келишимди денонсациялоо боюнча процедураны жүргүзгүлө деп тапшырма берип жатабыз.

31-декабрь 2003-жылкы келишимдерден чыккыла деп жатабыз, экөөнөн тең. Кайсы жери жумшак?

Токтомдун аткарылышы боюнча беш жолу карап чыгып, чечимдерди кабыл алганбыз. Ошолордун үчөөнө төрага катары менин колум коюлган.

5-июль 2013-жыл Өкмөттүн иши жетишсиз деп баа берилген. Дагы бир жолу тапшырма берилди, бир келишимге келе албасаңар, денонсация боюнча мыйзамды алып келгиле деп.

23-октябрь 2013-жылы каралды, Өкмөттүн иши жетишсиз деп жыйынтык чыгарылды. Кыргыз Республикасынын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек деп тапшырма берип жатабыз. 9-сентябрь 2013-жылкы меморандумду четке кагылсын деп. Өкмөт ошондо меморандум даярдаган экен, Жогорку Кеңеш аны жактаган жок. Жактырбай, жокко чыгарылсын, четке кагылсын деп биз тапшырма берип жатабыз.

Бир тараптуу процедураны ишке ашыргыла, 24-апрель 2009-жылкы келишим жокко чыгарылсын, 31-декабрь 2003-жылкы келишимден чыккыла деп тапшырма берип жатабыз. Бир жерден да артка кайткан жокпуз. Генпрокуратурага ошондо дагы катуу тапшырмалар берилген.

26-февраль 2015-жылы ошол маселени дагы бир жолу карадык, биздин токтомдун аткарылышын. Өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Бул абдан терс баа болгон. Мындай баа берилген эмес буга чейин, "неуд" деп баа берип жатабыз, өкмөттүн Кумтөр боюнча жүргүзгөн жумушуна.

2015-жылдын 16-мартына чейин бир келишимге келе албасаңар, Кумтөр Голд Компанини улутташтыруу боюнча мыйзам долбооруна официалдуу корутунду даярдалсын деп тапшырма берип жатабыз.

Ө.Текебаев даярдаган мыйзам менен, биз Жогорку Кеңеш айтып жатабыз, бир келишимге келбесе, үлүшүбүздү көбөйтпөсө, биздин сунуштарга макул болбосо, Кумтөрдү улутташтырабыз деп ачык эле жазып жатабыз. Кайсы жери жумшак, айткылачы, ушул жумшакпы?

Урматтуу туугандар, Кылмыш кодексинин оор беренеси менен бизди айыптагандарга айтат элем.

Кудай буюрса, биз тазабыз. Үстүбүздө Кудай таразалап турат. Ак ийилет, бирок сынбайт. Бул дагы өтөт, бардыгы ордуна турат, тарых тастыкталат. Ак ак бойдон – кара кара бойдон калат. Жараткан Аллах-Таала бардыгын өз ордуна коет.

Ошондуктан, акты ак деп, караны кара деп, жакшылап карагыла, дагы мүмкүнчүлүк бар. Тергөө бүтө элек.

Төрт айдан бери түрмөдө отурабыз. Башында 2 эле жолу сурак болду. Ошол керек беле? Камагандар Конституцияны, мыйзамдарды тебеледи. Бир эмес, эки сыйра мыйзамсыз чечимдер менен отурабыз, мына адвокаттар айтып кетти.

Ошол учурда дагы 2012-жылы Зулпукаров Төрөбай экөөбүз депутат элек, азыр дагы депутатпыз. Эки Конституция менен биздин укуктарыбыз корголгон. Эки Конституциянын тең нормаларын, мыйзамдарды тебелеп, бизди камады.

Мага карата, Жогорку Кеңешке карата дооматтар негизсиз. Өз жумушубузду мыйзам талаасында жүргүздүк. Мен Төрага катары бир дагы мыйзамсыз чечимге кол койгон эмесмин.

Төрага – бул модератор. Өзүмдүн жумушумду мыйзамдын чегинде так алып бардым деп эсептейм.

Кумтөр боюнча тазабыз. Мыйзамды туу тутуп, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоп иштегенбиз. Башкача болушу мүмкүн дагы эмес эле. Бизди эл ошол үчүн жиберген, Жогорку Кеңешке ошол үчүн шайлаган.

Куру дооматтарды коюп, мыйзамдуу талаага өтсөк. Конституция, мыйзамдар тебеленип атат. Каалагандай чечим менен эмес, укуктун үстөмдүгү, мыйзамуулук сакталышы, урматтуу сот, сиздин ыйык милдетиңиз.

Ошондуктан, бул айткандардын баарын эске алып туруп, азыр болсо азыр, болбосо келечекте акыйкаттуу, адилеттүү чечим аласыздар.

Чоң рахмат.

Жабуу
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/3865