Саламаттыкты сактоо министрлиги: Нөөмөттө эки гана дарыгер иштейт деген маалымат калп
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Нөөмөттө эки гана дарыгер иштейт деген маалымат калп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Kaktus.media редакциясына билдиргендей, 17-октябрда 3-балдар ооруканасында сегиз дарыгер нөөмөттө турат.

"Ооруканада эки гана дарыгер иштейт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Иштин көптүгүнө байланыштуу жекшемби күнү нөөмөттө турган дарыгерлердин санын көбөйттүк. Учурда ооруканада сегиз дарыгер бар", - деп билдиришти мекеменин өкүлдөрү.

Буга чейин окурман Kaktus.media сайтына 3-балдар ооруканасында эки гана дарыгер иштегенин, ал эми кабылдамага 100дөн ашык адам келгенин айткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3951