Былтыр 5-октябрда болгон окуялардын кайталанбашына бардык аракетибизди жумшайлы
RU

Былтыр 5-октябрда болгон окуялардын кайталанбашына бардык аракетибизди жумшайлы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жалпы иш" коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы ар кыл деӊгээлдердеги шайлоолорго мониторинг жүргүзөт.

Учурда фонд мезгил-мезгили менен массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда болуп жаткан окуяларга тынчсызданууда. Атап айтканда, айрым талапкерлерге карата шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, ошондой эле потенциалдуу талапкерлер менен жолугушууларда үгүт мүнөзүндөгү үндү алып жүрүүчү үндөргө карата айыптоолор пайда болууда.

Ушул сыяктуу инциденттер жарандардын шайлоо алдындагы процесстердин мыйзамдуулугуна жана адилеттүүлүгүнө болгон ишенимин төмөндөтөт. Шайлоо натыйжаларына болгон ишенимин азайтып, дүйнөлүк коомдун көзүндө КРдин аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эгер ушул этапта эле КРдин шайлоо мыйзамдарын бузууга өбөлгөлөр болуп жатса, коомдо келе жаткан шайлоого ишенбөөчүлүк пайда болушу мүмкүн.

Шайлоо процессинин бардык катышуучулары 2020-жылы 4-октябрында болуп өткөн шайлоодон сабак алып, 2020-ж 5 жана 6-октябрында орун алган окуялардын кайталанбашына бардык аракеттерин жумшашы керек.

Фонд төмөнкүлөргө чакырат:

  • талапкерлерди жана талапкерлердин колдоочуларын мыйзам үстөмдүгүнүн, ачыктыктын жана өз ара урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын приоритет принциптеринде шайлоо кампаниясын жүргүзүүгө;
  • укук коргоо органдарын республиканын бардык региондорунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча бардык инциденттерди ачык, айкын жана объективдүү териштирүү жүргүзүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын ушул сыяктуу бардык учурлар боюнча күнөөлүүлөрдү юридикалык жана жеке жактарга өз ыйгарым укуктарынын чегинде жоопкерчиликке тартууга;
  • шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мындай чыр-чатактарга жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүүгө.
  • Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү – бул кыргыз эли эгемендүүлүктун алып жүрүүчүсү жана бийликтин бирден бир булагы болуп, өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда жүзөгө ашыргандын кепилдиги болуп саналат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4032