"Эли СССРди сагынат экен". Мексикалык блогер Кыргызстан жөнүндө видео тарткан
RU

"Эли СССРди сагынат экен". Мексикалык блогер Кыргызстан жөнүндө видео тарткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөгө таанымал мексикалык блогер Луизито Комуни ка Кыргызстанга келип кеткен. Ал биздин өлкөбүз тууралуу ролигин чыгарып, аны 3 миллион киши көрдү.

Луизитонун 35 миллион катталуучусу бар. Ал сакаттоо жөнүндө видеоблог тартып, башка шаарлардын жашоосун айтып берет. Негизинен маданиятка жана тарыхка басым кылат.

Биздин өлкө жөнүндө жакшы пикирде калыптыр. Бул жака келгенге чейин мындай мамлекет жөнүндө билген да эмесмин деп айткан жайы бар. Катталуучуларына Кыргызстан - бул Советтер Союзунун мурунку өлкөсү, кыргыз эли совет доорун, туруктуулукту абдан сагына тургандыгын айтып берген.

Андан тышкары желектин тарыхын баяндап, боз үйдү көрсөткөн.

Баса, ага Бишкектин архитектурасы жаккан. Ал Ташкент менен Душанбеге салыштырмалуу европалашкан экен, деп белгилеген. Өзбекстан менен Ташкентте араб маданиятынын таасири көбүрөөк байкалат, дейт ал.

Ал Кыргызстан тууралуу Instagram баракчасына бир нече пост жарыялаган.

Соң-Көлгө болгон саякаты боюнча "Үшүгөнүмө карабастан эч өкүнгөн жокмун" деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4058