Окумуштуулар чачтын түшүүсүн алдын алуучу суусундукту аташты
RU

Окумуштуулар чачтын түшүүсүн алдын алуучу суусундукту аташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул тууралуу Lenta.ru маалымдады, ал өз кезегинде Daily Express'ке шилтеме берип жатат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй көк чайдын курамында катехин деп аталган органикалык заттар камтылат. Алар чачтын нормалдуу өсүүсүнө тоскоолдук жараткан тестостерондун жана дигидротестостерондун негативдик эффектилерин блокко салат.

Билдирүүдө окумуштуулар изилдөөнүн жүрүшүндө чач түшүүдөн жабыркаган бейтаптардын башына көк чайдын тунмасын сүйкөшкөн. Экспериментке катышкандардын көбү чачынын өсүүсүнүн активдүүлүгү кыйла жогорулаганын белгилешкени айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/40