Марс Сариев: Кыргызстан Түркиянын кызыкчылыгын коргогон өлкөгө айланып баратат
RU

Марс Сариев: Кыргызстан Түркиянын кызыкчылыгын коргогон өлкөгө айланып баратат

Все самое интересное в Telegram

Ноябрдын башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Стамбулдан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМК) 8-саммитине катышып, түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бишкек Анкара менен соода-сатык жана аскерий мамилени өрчүтүүгө жана түрк инвестицияларына кызыкдар, деп "Независимая газета" басылмасынын жакынкы өлкөлөр боюнча серепчиси Виктория Панфилова жазган.

Садыр Жапаров президент болгондон бери экинчи ирет Түркияга барып жатат. Саясий серепчи Марс Сариевдин айтымында бул жолку иш сапары абдан маанилүү, анткени ТТМК Түрк бирикмесине айланат, бул ага кирген өлкөлөрдүн мамилери сапат жагына өзгөрөт жана жакындашат дегендик. "Борбордук Азияда Түркия менен Кыргызстандын мамилелери эң жакын. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт таасир этти. Түркия биринчилерден болуп Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин жарыялаган жана саясий мейкиндикте Кыргызстанга колдоо көрсөткөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Туркиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыгын коргогон өлкөгө айланып баратат", - дейт серепчи.

2021-жылдын июнь айында Жапаров Анкарага барганында Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги темасы соода-экономикалык жана аскерий кызматташууну өрчүтүү болду. Тараптар көптөн бери эле жылдык товар айлантууну $1 млрдга жеткирүүнү талкуулап келишет. Бирок, азырынча аталган көрсөткүч ишке ашырыла элек. Марс Сариевдин айтымында, Анкара өзүн эффективдүү тарабынан көрсөтө алат, бирок экономикалык ресурстары жетишсиз.

Түркия инвесторлору Кыргызстанга кызыгып, долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ачыктады. Бишкек өз кезегинде түрк инвесторлоруна жеңилдетүүлөрдү берип, бизнесин алдыга жылдыруу үчүн шарттарды түзүп берет деп билдирди. Садыр Жапаров Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш эле эмес, бир тууган өлкө дагы экенин баса белгиледи.

Карабах согушундагы ийгиликтин арты менен түрк багыты Борбордук Азияга активдүү кире баштады. Өзбекстан жана Казакстан Кыргызстандан айырмаланып, Түркия менен этият мамиле куруп жатышат. Бирок Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөлөр Түркия менен тыгыз кызматташуусуна жол бергени деле туура. Акырындык менен кызматташтык күчөп, аскер тармагын да камтыйт", - деп Сариев баса белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстан Түркиядан учкучсуз аппарат Bayraktar сатып алды. "Бул ирет биз аскер техникасын бюджеттин каражатына сатып алдык. Бүгүнкү күндө мамлекетте ошондой мүмкүнчүлүк пайда болду. "Учурда, Түркия биз үчүн Bayraktar аскер дрондорун чогултууда. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн беш эле өлкөсүнө сатылат. Кыргызстан ошолордун катарына кирет. Дрондорду жакын арада биздин мамлекетке жеткирип беришет. Андан тышкары, бул дрондорду башкара турган адамдар Түркияда окутуудан өтүп жатат", - деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан.

Бирок бул кадамдар Кырргызстан согушка даярдык көрүп жатат дегендик эмес. Негативдүү сценарий Афганистанга байланыштуу. "Эгер ал жерде хаотизация уланса, өлкө урайт. Афганистандын аймагындагы түрдүү террористтик топтор бар экенин эске алганда, кооптонууга негиз бар. Тажикстан учурдагы афганистандык администрацияга каршы. Эмомали Рахмон Панджшер лидерлерин колдойт. Демек, талибдер радикалдарын ооздуктоого аракет кылбайт, жана алар Фергана өрөөнүнө кирүүгө умтулушат. Ошондуктан "Байрактарды" жана "Орлан-10Е" сатып алуу негативдүү сценарийге даярдык көрүү болушу мүмкүн. Эгер талибдер кийинки жылдын жай айларына чейин бийликтин туруктуу институттарын калыптандыра албаса, анда кейиштүү божомолдоолор ишке ашырылышы мүмкүн. Туруктуу бийликтин жоктугу жана ачарчылык Афганистанды хаоско түртөт. Анын кесепети биринчи кезекте Тажикстанга тийип, андан кийин бүт Борбордук Азияны камтыйт", - деп эксперт түшүндүрдү.

Экинчи жагынан алып караганда, Түркия менен Россиядан курал жарак сатып алуу кырдаалды тең салмактайт. Бирок Кыргызстандын Түркия менен ынак болушу Россия үчүн жагымсыз. Менин жеке пикиримде, бул Россиянын Борбор Азияда жүргүзгөн саясатында кетирген чоң жаңылыштыгы. Москвада өз кызыкчылыгын алдыга сүрөй турган инструменттери жок. Кызматташтык формалдуу маданий чараларды өткөрүү менен гана чектелет. Эч кандай алдыга сүйрөгөн новатордук идеялар көрүнбөйт. Тилекке каршы, Россия менен мамиле соолуп бараткандай. Ошол эле учурда Түркия, Кытай, Батыш өлкөлөрү креативдүү, ийкемдүү, тартипке салынган жана туруктуу. Жана бул тенденция улана берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/4197