Италияда Кыргызстандын өкүлчүлүгү ачылды
RU

Италияда Кыргызстандын өкүлчүлүгү ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-ноябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Элчиликтин ачылыш аземине Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени, Италиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери, кыргыз студенттери жана Италиянын жарандары катышты", - деп билдирди министрлик.

Өз кезегинде Италиянын тышкы иштер министринин орун басары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилеген. Италия тарап жакынкы аралыкта Бишкекте өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө ниеттенүүдө.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4246