Өзбекстанда Исхак Раззаков тууралуу эссе жазган сынактын катышуучулары сыйланды
RU

Өзбекстанда Исхак Раззаков тууралуу эссе жазган сынактын катышуучулары сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын 3-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү. Бул тууралуу КРдин Өзбекстандагы элчилиги билдирди.

Сынак И.Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо алкагында уюштурулган. Дилбаяндар 2020-жылдын 17-октябрынан 17-ноябрына чейин кабыл алынган.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчиси Ибрагим Жунусов Раззаковдун Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын, Өзбекстанда согушка чейинки жана согуш жылдарындагы жигердүү эмгегин белгиледи.

Мыкты эмгектердин авторлоруна дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды. Элчи катышуучуларга ыраазычылык билдирип, сынактын жеңүүчүлөрүнө ийгилик каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/42