Тротуарлары жок шаар. Жөө адамдар кайдан басат? Мэрия жооп берди
RU

Тротуарлары жок шаар. Жөө адамдар кайдан басат? Мэрия жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-ноябрда

Kaktus.media

сайтына "Жал" кичи районунда жашаган окурмандар кайрылышкан. Алар тротуарлардын жоктугуна нааразы.

"Төмөнкү Джалда Ахунбаев көчөсүнүн Тыналиевден Бахага чейинки бөлүгүндө тротуар дээрлик жок. Буга шаар бийлиги көңүл бурса дейм", - дешет тургундар.

Бүгүн, 16-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, "Бишкекасфальтсервистин" маалыматына ылайык, быйыл шаарда тротуарларды оңдоо пландалган эмес. Буга байланыштуу жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн жок..

"2022-жылы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн тротуарларды жигердүү куруу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4335