Кыргызстанга Татарстандын Президенти Рустам Минниханов келди
RU

Кыргызстанга Татарстандын Президенти Рустам Минниханов келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Президенти Рустам Минниханов кечээ, 18-ноябрда Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Бул сапардын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4390