Азамат Сагындык уулу Уланбек Азыгалиевдин ордуна Бишкетин вице-мэри болуп дайындалды
RU

Азамат Сагындык уулу Уланбек Азыгалиевдин ордуна Бишкетин вице-мэри болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык орун алмашуулар болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тууралуу" Мыйзамдын 46-беренесине ылайык, Уланбек Азыгалиев берилген арызы боюнча борбор калаанын вице-мэри кызматынан бошотулду.

Жер маселелери, архитектура жана курулуш иштери боюнча шаардын вице-мэри болуп Азамат Сагындык уулу дайындалды. Ал буга чейин жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.

Тиешелүү буюртмага мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/43