Ыйлагың келет. Россиялык блогер кыргызстандык айдоочуга жаңы унаа белек кылды (видео)
RU

Ыйлагың келет. Россиялык блогер кыргызстандык айдоочуга жаңы унаа белек кылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык белгилүү блогер Хусейн Гасанов кыргызстандык таксистке бекер жеткиргендиги үчүн жаңы унаа белек кылды. Бул тууралуу видеону блогер Instagram баракчасына жүктөгөн.

Анда Хасанов айдоочулар жардамга муктаж адамды бекер жеткиреби, жокпу текшерген. Ал акчасы жок кишидей болуп айдоочулардан жеткирип коюууну суранган. Көп айдоочулар андан баш тартып кеткенин көрүүгө болот. Акыры бир айдоочу дароо макул болуп жеткирген. Ага блогер жаңы унаа белек кылды.

Айдоочу жолдо бара жатканда айдоочу кызы ооруп жатканын, ага операция жасоо керектигин айткан.

Блогер видеосун бирөөгө жакшылык кылсаң, кайра сага кайтарылат деп жыйынтыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4462