Матраимов акчасын төлөп жатат. Бирок 2 миллиардка чейин дагы көп бар
RU

Матраимов акчасын төлөп жатат. Бирок 2 миллиардка чейин дагы көп бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын экс орун басары, үй камагында отурган Райымбек Матраимов 30-ноябрга чейин мамлекеттин эсебине 2 млрд сом которууну убада кылган, бирок сөзүнө турган жок. Анын атынан болгону 646 млн сом түштү. 20-октябрдан 30-октябрга чейин бир нече транш менен 536,2 млн сом которгон.

4-декабрга карата Минфиндин эсеби дагы толукталды, бул маалыматты ведомство Kaktus.media'га тастыктады.

Берилген маалыматка ылайык Матраимовдон 688,7 млн сом келип түшкөн.

Укук коргоочу органдардан 725,1 млн сом келип которулса, дагы 17 млн сом өз ыктыяры менен которгон физикалык жактардын акчалай каражаты.

Ошону менен, Матраимов убада кылган суммасынын 34,43% гана которду.

Дагы 1 млрд 331,3 млн сому калды.

Эскек салсак, буга чейин Садыр Жапаров бир нече ирет Райымбек Матраимов ноябрдын аягына чейин өлкөнүн бюджетине 2 млрд сом төлөйт, деп баса белгилеген.

Октябрь айында Жапаров (ал кезде премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу), бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басарын камака алуусу тууралуу суроого жооп берип жатып, Матраимовду бошотуу чечимин өзү кабыл алганын билдирген. Акчаны кайтарып берсин деген максат менен, антпесе, Матраимов эч нерсе бербей коймок, экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/44