Табигый витаминдер: тамак-аш жөнүндө эмнелерди билиш керек?
RU

Табигый витаминдер: тамак-аш жөнүндө эмнелерди билиш керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы убакта экологиялык таза азыктарды колдонгон туура тамактануу популярдуу болууда. Туура саламаттуу тамактануу адамдын нормалдуу иш-аракетинин кепилдиги, ал тургай жашоонун узактыгын жогорулатуунун эң ишенимдүү жолдорунун бири. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар экологиялык таза азыктардын баалуулугун түшүнө башташты.

Жыл сайын базарда организмге эч кандай зыян келтирбеген, тескерисинче, оптималдуу жашоо үчүн зарыл болгон витаминдер жана микроэлементтер менен каныктыруучу көптөгөн азык-түлүктөр пайда болууда. Экологиялык таза азыктар генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди, синтетикалык консерванттарды, жасалма даамды күчөтүүчүлөрдү, боёкторду жана жыт бергичтерди курамында камтыбайт. Экологиялык азыктарды өндүрүүдө колдонулган чийки заттар гормондорду, антибиотиктерди, жасалма жер семирткичтерди, уу химикаттарын жана пестициддерди колдонбостон өстүрүлөт.

Адамдын ден соолугу чың жана сулуу болушу үчүн витаминдер керек. Кыш - адамдын организми витаминдерге өзгөчө муктаж болгон жылдын мезгили.

Себеби кышында табигый жана жаңы азыктардан витаминдерди алуу азаят. Эң маанилүү витаминдер, анын жетишсиздигинен биз кышында витамин ачкачылыгын баштан кечиребиз, бул витаминдер А, Е, С, Р жана В тобундагы витаминдер. Бирок адам мезгилге карабастан дайыма витамин ачкачылыгын сезиши мүмкүн.

Адам үчүн витаминдердин жана минералдык заттардын негизги булагы - тамак-аш. Рациондогу витаминдердин курамы ар кандай болушу мүмкүн жана ар кандай факторлордон көз каранды: азык-түлүктөрдүн жана тамактар үчүн чийки заттын сорту, түрү, өсүү шарттары, аларды сактоо ыкмалары жана мөөнөттөрү, технологиялык кайра иштетүүнүн мүнөзү, тамактарды тандоо жана улуттук тамак-аш артыкчылыктары.

Келгиле, кайсы азыктарда кандай витаминдер бар экенин карап көрөлү:

ВитаминдерВитаминдерди камтыган азыктарОрганизмг таасири
1.АБалык, деңиз азыктары, өрүк, боорТеринин жана былжыр челдин нормалдуу абалын камсыздайт, көрүүнү жакшыртат, бүтүндөй организмдин туруктуулугун жакшыртат.
2.В1 Күрүч, жашылча, канаттуу эти Нерв системасын, эс тутумун чыңдайт, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
3.В2 Сүт, жумуртка, брокколиЧачты, тырмакты бекемдейт, нервдердин абалына оң таасирин тийгизет.
4.РР Кесек тартылган ундан нан, балык, жаңгактар, жашылчалар, эт, кургатылган козу карындарКан айланууну жана холестериндин деңгээлин жөнгө салат.
5.В6Бүтүн дан, жумуртканын сарысы, сыра ачыткысы, буурчак.Нерв системасынын жана боордун функцияларына жана кан жаратууга жакшы таасир этет.
6.Пантотен кычкылдыгыБуурчак, түстүү керем, жумуртканын сарысы, этНерв системасынын жана ичегилердин кыймылдаткыч функциясын жөнгө салат.
7.В12Эт, сыр, деңиз азыктарыКан жаратууга өбөлгө түзөт, өсүүнү өбөлгөлөйт, борбордук жана перифериялык нерв системасынын абалына жакшы таасир этет.
8.В9 (фолий кычкылдыгы)Савой кереми, шпинат, жашыл буурчакӨсүү жана нормалдуу кан жаратуу үчүн зарыл.
9.Н (биотин)Жумуртканын сарысы, помидор, тазаланбаган күрүч, соя буурчактарыТеринин, чачтын, тырмактын абалына таасирин тийгизет жана кандагы канттын деңгээлин жөнгө салат.
10.СИт мурун, таттуу калемпир, карагат, чычырканакИммундук системага, тутумдаштыргыч ткандарга жана сөөктөргө пайдалуу жана жарааттын айыгышына өбөлгө түзөт.
11.DБалыктын боору, икра, жумурткаСөөктөрдү жана тиштерди бекемдейт.
12.EЖаңгактар жана өсүмдүк майларыКлеткаларды эркин радикалдардан коргойт, жыныстык жана эндокриндик бездердин функциясына таасир этет, карууну жай кылат.
13.KШпинат, салат, кабакча жана ак керемКандын уюшун жөнгө салат.

Органикалык ыкма менен өстүрүлгөн азыктар өсүүнү жөнгө салгычтарды жана жасалма кошулмаларды колдонуу аркылуу алынган азыктарга караганда алда канча даамдуу жана пайдалуу. Кыргызстан жыл сайын Новосибирскке, Красноярскка, Томскко 600 тоннага чейин өзүнүн өнүмүн - тактап айтканда жашылчаларды жана жемиштерди жеткирип жатканы бекеринен эмес. Азыр биздин алмалар Москвага жеткирилип жатат, Кыргызстандан чыккан өнүмдөрдүн мынчалык популярдуу болушуна биринчи себеп алардын табигыйлыгы - экологиялык жактан тазалыгы деп айтууга болот.

Экологиялык таза тамак-аш адамдар үчүн толугу менен коопсуз экендигинен тышкары, анын башка маанилүү артыкчылыктары да бар.

  • Витаминдердин жана микроэлементтердин жогорку курамы (экологиялык тамак-аштын курамында кадимки тамак-ашка караганда 50%га жакын пайдалуу заттар бар).
  • Жакшыртылган даамы, жагымдуу жыты, ширелүүлүгү жана табитти ачканы (экологиялык таза тамак-аштын даамында синтетикалык аралашмалар жок).
  • Ичинде гана эмес, сыртында да коопсуздук. Жашылча-жемиштер бузулуп кетпеши үчүн жана аларга жагымдуу көрүнүш берүү үчүн көбүнчө мом менен сүртүлөт. Экологиялык таза азыктар мындай кайра иштетүүгө муктаж эмес. Аларды кабыгы менен жесе болот, демек, андан да көп пайдалуу заттарды – витаминдерди алууга болот.
  • Балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн пайдасы (курамында синтетикалык кошулмалардын жоктугу алардын организмге киришин жана жайгашуусун толугу менен жокко чыгарат).

Табигый келип чыккан витаминдерди ченемдөө кереги жок деп айтуу керек. Ден соолукка коркунучтуу болгон витаминдерди көп жегенге дээрлик мүмкүн эмес. Бирок таблеткаларды колдонууда мындай тобокелдик болушу мүмкүн, бирок адамда табигый витаминдер жетишсиз болсо, жасалма витаминдер кабыл алынат. Мындай учурларда дарыгер витаминдик комплекстерди колдонууну жазышы мүмкүн жана мындай сунуштарды четке кагууга болбойт.

Бул материал GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" кыргыз-герман-швейцариялык программасынын алкагында даярдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4502