Түркмөнстандын биринчи айымынын сүрөтү алгачкы жолу жарыяланды
RU

Түркмөнстандын биринчи айымынын сүрөтү алгачкы жолу жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-ноябрда Ашхабадда Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен, ал эми Түркмөнстандын өлкө башчысы Огулгерек Бердымухамедова менен келгендигин түрк басылмалары жазып чыгып, сүрөттөрүн жарыялады. Муну менен Түркмөнстандын биринчи айымы Огулгерек Бердымухамедованын интернет желесине жарыяланган алгачкы сүрөтү болуп калды.

Гурбангулы Бердымухамедов неберелеринин курчоосунда түшкөн сүрөттөрү жана видео репортаждары абдан көп. Бирок Огулгерек Бердымухамедова ар дайым кадр сыртында калчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4533