Жаңы парламенттин курамы. Алдын ала маалыматтар
RU

Жаңы парламенттин курамы. Алдын ала маалыматтар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн саат 20:00до Кыргызстанда парламенттик шайлоо аяктады. Шайлоочулар эки бюллетень боюнча добуштарын беришти. Биринчи бюллетень - бир мандаттуу округ боюнча. Эске салсак, өлкө 36 округга бөлүнгөн. Ар бир округдан бирден эле талапкер өтөт. Экинчи бюллетень - партия тизмеси боюнча. Добуш берген жаран партияны, андан тышкары партиядагы конкреттүү бир талапкерге добушун берет.

Алдын ала берилген маалымат боюнча (саат 21:20га) парламентке алты партия өттү. Алардын катарында "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру".

Алдын ала маалымат боюнча Жогорку Кеңештеги мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

  • 36 мандат - бир мандаттуу округдан шайланган депутаттар;
  • 15-мандат - "Ата-Журт Кыргызстан";
  • 12 мандат - "Ишеним";
  • 9 мандат - "Ынтымак";
  • 7 мандат - "Альянс";
  • 6 мандат - "Бүтүн Кыргызстан";
  • 5 мандат - "Ыйман Нуру"
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4536