Бүгүн СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бишкекте ВИЧке бекер текшерүү жүргүзүлөт
RU

Бүгүн СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бишкекте ВИЧке бекер текшерүү жүргүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 11 006 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, өлкөдө ВИЧ-инфекциясынын жаңы учурларынын 45%ы СПИДдин акыркы стадиясында, дарыгерлердин колунан эч нерсе келбей калганда аныкталат.

Андан да коркунучтуусу, 2021-жылы ВИЧ-инфекциянын 81,3%ы жыныстык жактан жукса, 5%ы баңги затын ийне аркылуу колдонгондордон болгон.

Республикалык СПИД борбору ноябрь айында Кыргызстандын бардык аймактарында ВИЧтин алдын алуу боюнча "Сенин ден соолугуң – сенин укугуң – сенин жоопкерчилигиң!" аттуу улуттук кампания өткөнүн эске салды. Ага маалымат кампаниясы жана ВИЧке бекер тестирлөө кирет.

Бүгүн, 1-декабрда "Дордой Плаза" соода борборунда СПИД РКсы эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте People Talks форматында маалымат жыйынын өткөрөт. Белгилүү кыргызстандыктар ВИЧ илдетине чалдыккандардын окуялары менен сүйлөшөт. Ошондой эле программада 17:00дөн 20:00гө чейин ВИЧке шилекейди бекер текшерүү кирет, деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4591