Текебаев кол салуу боюнча милицияга кайрылды
RU

Текебаев кол салуу боюнча милицияга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 1-декабрынын саат 15:30 чамаларында ички иштер органдарына "Park Hotel" мейманканасынын жанында Ө. Текебаевдин денесине белгисиз адамдар залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келип, жеринде алдын ала териштирүү жүргүзүүдө "Park Hotel" мейманканасынын имаратынын жанында Ө. Текебаев турган кезде, белгисиз адамдар жакындап келип, күч колдонуп ачыктан ачык 10 000 сомдук уюлдук телефонун алып, денесинин бет тарабына залал келтиргендиги аныкталган.

Жаран О. Текебаев бул окуя боюнча Биринчи май РИИБне белгисиз адамдарга карата уюлдук телефонун алып кеткендиги жана денесине залал келтиргендиги үчүн чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.

Аталган факты, Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-б. 1-п., 3-б.3-п. (адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо), каралган кылмыштын белгилери менен катталды. Денеге залал келтиргендигинин деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен, Жазык кодексинде каралган кылмыштын квалификациясы коюлат.

Азыркы учурда, аталган кылмышты жасаган адамдардын инсандыктарын аныктоо багытында активдүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп Бишкектин ШИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4608