Бишкек мэриясы жаңы жылда салют атуудан баш тартты. Себеби
RU

Бишкек мэриясы жаңы жылда салют атуудан баш тартты. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы жаңы жылга карата салют атпоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул чечим "экологиялык себептерден улам" кабыл алынганын билдиришти.

"Жыл сайын күз-кыш мезгилинде шаардыктар жылуулук мезгилине байланыштуу абанын сапатынын олуттуу начарлашына жана транспорттор тарабынан күйүүчү-майлоочу майлардын керектөөнүн көбөйүшүнө туш болушат", - деп айтылат билдирүүдө.

Майрамдык салюттан кийин жыш түтүн дайыма байкалаары белгиленет.

Салюттан баш тартуудан, 800 миң сомго жакын каражат экономдолот. Аны "маанилүү максаттарга" жумшайбыз деп убада кылууда.

Кошумчалай кетсек, мэрия Бишкек шаарынын тургундарын жаңы жылдык майрамдарда жардыргычтарды сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4659