Кызганычтан улам сүйгөн кызынын бетине кислота чачкан. Петербургдагы окуя
RU

Кызганычтан улам сүйгөн кызынын бетине кислота чачкан. Петербургдагы окуя

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шектүү мурда сүйлөшүп жүргөн кызы башка жигит менен жүргөнүн көрүп кызгангандыктан ушундай кадамга барган.

Санкт-Петербург шаарында 24 жаштагы киши мурдагы сүйлөшкөн кызынын жана анын жигитинин бетине кислота чачып салды. Бул тууралуу РИА Новостиге таянып, Sputnik Кыргызстан жазды.

Полиция кызматкерлери шектүүнү кармаган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, ал мурда сүйлөшүп жүргөн кызы башка жигит менен жүргөнүн көрүп кызгангандыктан ушундай кадамга барган.

Окуя 10-декабрь күнү саат 18:30дар чамасында Грибоедов каналынын жээгинде болгон. Полиция жерине барганда 16 жаштагы кыз жана анын 18 жаштагы жигити ар кандай химиялык күйүк алганы аныкталган. Мындан улам кыз оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми жигиттин абалы канааттандырарлык.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Москва проспектисиндеги №4 үйдөн 24 жаштагы жаран кармалып, полиция бөлүмүнө алып келинген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4737