Түштүк региондогу жаштарга талап кылынган кесиптер боюнча окуу мүмкүнчүлүктөр
RU

Түштүк региондогу жаштарга талап кылынган кесиптер боюнча окуу мүмкүнчүлүктөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ага Хан Фондунун демилгеси менен Кыргызстандын Тоолуу Жамааттарын Өнүктүрүү Программасы (MSDSP KG) Дүйнөлүк Банктын төрт жылдык "Жаштарды ишке орноштуруу - коомчулукту колдоо программасы" долбоорун "АРАКЕТЧИЛ" жумушчу аталышы менен ишке ашырууда.

MSDSP KG Кыргызстандын беш аймагында иштеп, 520 000 адамды камтыйт. Толук маалыматты бул жерден тапса болот https://www.akdn.org/

"АРАКЕТЧИЛ" долбоору Япониянын Социалдык Өнүгүү Фонду (JSDF) тарабынан каржыланат жана экономикалык ишмердүүлүк үчүн инновациялык чечимдерди колдоо жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен шаарларынын 41 максаттуу жамааттарында, 18-34 жаштагы 4000 жаш кыз-келиндерди жана эркектерди иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө багытталган. Кыргызстанда CASA-1000 электр линияларын куруу долбоору ишке ашырыла турган аймактар.

"АРАКЕТЧИЛ" долбоорунун алкагында 18-34 жаштагы жаштар үчүн талапка ээ болгон кесиптерге, төмөнкү багыттар боюнча окуу курстары уюштурулат:

  • Келечегин тейлөө тармагына байлагысы келген жаштарга 12 кесипти өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү берилет, алар тигүүчү, электрик, автослесарь, агроном, официант, ветеринар, электр газ ширетүүчү, сантехник, чач тарач, компьютер оңдоочу, ашпозчу жана гид .
  • Программалоону үйрөнүп, андан соң IT компанияларында жумуш тапкысы келген жаштар үчүн офис тиркемелери, веб жана графикалык дизайн боюнча курстар өткөрүлөт.
  • Айыл чарба тармагында жана кол өнөрчүлүктө бизнесин өнүктүрүүнү каалаган жаштар үчүн кийиз менен иштөө, балчылык, күрүч өстүрүү, ошондой эле алма, өрүк жана малина өстүрүү технологиялары боюнча курстар өткөрүлөт.
  • Ийгиликтүү карьера курууну, убакытты туура башкарууну жана өз алдынча билим алууга мүмкүнчүлүк алууну каалаган жаштар турмуштук көндүмдөр боюнча курстардан өтсө болот.

Кошумча суроолор боюнча окуу процессинин уюштуруучуларына кайрылыңыз:

Юридикалык жактардын бирикмеси "Борбордук Азиядагы Бизнес Ассоциациясы" (ЦАБА):

Улук Папанов - менеджер - 0772 680-694

Түштүк аймактык координатору - Айжан Мадымарова - 0773020291 (Ош, Джалал-Абад жана Баткен облустары)

  • IT, 12 кесип жана жумшак жөндөмдөрү боюнча курстарга катталуу үчүн шилтемени басыңыз.
  • Кошумча нарк жүгүртмөсү боюнча курстарга катталуу үчүн шилтемени басыңыз.
  • Долбоор тууралуу толук маалыматты биздин instagram баракчабыздан тапсаңыз болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4784