Массалык мушташтан эки жигит башынан жабыркады
RU

Массалык мушташтан эки жигит башынан жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул түнү Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишинде жаштардын массалык мушташы болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, 16-декабрда саат 01:00дөр чамасында Эркиндик проспектисинде (Чүй менен кесилишине жакын жерде) эки жигиттин ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жаңжалдын кесепетинен 2003-жылы туулган У.Р. Бишкек шаарынын No4 шаардык ооруканасына түшкөн. Анын баш мээси чайкалып, чыканагы чоюлуп, башынын үстүнкү бөлүгү жана далысы көгала деген диагноз коюлган. Ошондой эле ал мас абалда экени аныкталган.

"Анын айтымында, ылдый түшүп баратып, Эркиндик менен Чүйдүн кесилишинде бир топ жаш жигиттер менен уруша кеткен", - деп белгилейт ГУВД.

Ошондой эле, ооруканага башынан жаракат алып, 2002-жылы туулган У.К. да жаткырылган. Ал дагы мас абалында болгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп, окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4799