Бишкектеги жолдорго камера орнотулуучу 40 жол кесилиши аныкталды
RU

Бишкектеги жолдорго камера орнотулуучу 40 жол кесилиши аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 40тай жол кесилишине "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик, шаардык кызматтардын кызматкерлери, "Бишкекглавархитектуранын" адистери жана Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясынын өкүлдөрү камера орнотула турган кесилиштерди карап, изилдөөдө. Жер-жерлерде адистер кагаздагы эсептерин тактап, 40 жол кесилишти деталдуу текшерип жатышат.

Эске салсак, Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы сынактан жеңип чыккандан кийин "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/47