Самара Каримованын атасы узак оорудан кийин дүйнө салды
RU

Самара Каримованын атасы узак оорудан кийин дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын атасы узак оорудан кийин дүйнө салды.

Ырчынын айтымында, атасы Эрмек Сүйүн уулу кечээ, 17-декабрда оорудан улам көз жумду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-декабрда Лейлек районунун Айкөл айылында өтүүдө.

"Кыргыз музыкасына салым кошкон, боюна музыка жыйнаган, көкүрөгүнө өнөр каткан атам 75 жаш курагында чын дүйнөгө кетти. Ажал алдында алсыз экениме ичим өрттөнүп, макул болбой турам. Бирок жазмышка баш ийбеске аргам барбы", - дейт ырчы.

Kaktus.kg редакциясынын жамааты Самара Каримованын атасынын дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4821