Айзаданын өлүмүнө шектүүлөр соттогу баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда
RU

Айзаданын өлүмүнө шектүүлөр соттогу баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кезектеги сот отурумунда айыпталуучулар алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, коюлган күнөөнү четке кагып жатышат. 17-декабрда Бишкек шаардык сотунда тараптардын апелляциялык арызын кароо уланганын "Клооп" басылмасына таянып, Азаттык билдирди.

Айыпталуучулар Замирбек Теңизбаевдин кызды уурдоо ниети тууралуу билбегенин айтышты.

Быйыл жазында Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган.

Май айында Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш иши кыскарган. Буга кызды кыйнап өлтүрдү деген Теңизбаев өз жанын да кыйганы негиз болгон.

Кылмышка тиешеси бар деп кармалган бир нече адам азыр камакта отурат.

Кыргызстандын Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" деген 175-беренесине ылайык, 5-10 жыл жаза чарасы каралган, бирок жазага тартылгандар дээрлик жокко эсе.

Айзаданын өлүмү боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралган. Анын апасы териштирүү солгун жүрүп жатканын билдирген. Райондук соттун өкүмүнө эки тарап тең нааразы болуп, шаардык сотко кайрылышкан. (RK)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4826