Улуттук банк сурамжылоо толтурганы үчүн 50 миң сом береби? Бул фейк ишенбеңиз
RU

Улуттук банк сурамжылоо толтурганы үчүн 50 миң сом береби? Бул фейк ишенбеңиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда жана кыргыз сегментинин мессенджерлеринде Кыргызстандын Улуттук банкы сурамжылоодон өткөндөрдүн ар бирине 50 миң сомдон берип жатканы тууралуу маалымат тараган. Бул шилтеме Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына эмес, шектүү мүнөздөгү белгисиз сайтка алып барат.

Улуттук банк бул маалыматты четке кагып, эч кандай сынак өткөрбөгөнүн, акча бөлүштүрбөгөнүн билдирди.

"Бул чындыкка дал келбейт! Улуттук банк белгисиз сайттарга билдирүүлөрдү жана шилтемелерди жөнөтүү аркылуу эч кандай сурамжылоо, лотереяларды өткөрбөй эле. Эгер сизге мындай билдирүү түшсө, анда шилтемеге кирбеңиз, билдирүүнү өчүрүңүз жана таратпаңыз!"

Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү, анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга жетүү болуп саналат! Жеке (байланыш) маалыматтарыңызды - картаңыздын номерин, PIN-кодуңузду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюлган акыркы үч цифра) көрсөтпөңүз. Анын ичинде туугандары, банк кызматкерлери, укук коргоо органдары, ким болбосун!", - деп айтылат Улуттук банктын расмий билдирүүсүндө.

Башкармалык ошондой эле бардыгын сак болууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4833