5 жылдын ичинде Кыргызстанда 231 111 нике катталып, 49 272 түгөй ажырашкан
RU

5 жылдын ичинде Кыргызстанда 231 111 нике катталып, 49 272 түгөй ажырашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Статистикага ылайык, эң көп нике 2018-жылы каттоого туруптур. Мындай маалыматты Мамлекеттик катоо кызматынын басма сөз бөлумү тараткан.

Ал эми күтүлгөндөй эле 2020-жылы баш кошуп, мамилесин расмий түрдө каттагандардын саны эң аз болгон. Болгону 39 944 түгөй мамилесин каттаган.

Баш кошкондордун саны:

2016-жылы 48 936 түгөй баш кошкон.

2017-жылы 43 325 үй-бүлө жаралган.

2018-жылы 49 511 түгөй катталган.

2019-жылы 49 395 нике каттоо болгон.

2020-жылы 39 944 түгөй мамилесин каттаган.

Ажырашкандардын саны:

2016-жылы 9 098 түгөй мамилесин токтоткон.

2017-жылы 9 594 түгөй ажырашкан.

2018-жылы 10 435 ажырашуу катталган.

2019-жылы - 10 995.

2020-жылы - 9150 ажырашуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/486