Региондогу ондогон мектептерге компьютерлер жана кеңсе техникасы берилди
RU

Региондогу ондогон мектептерге компьютерлер жана кеңсе техникасы берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаңы китеп" мекемеси Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте, республиканын пилоттук жалпы билим берүү мекемелердин китепкана фонддорун инвентаризациялоо долбоорунун алкагында 41 комлпект компьютер таратты.

Азяи өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун негизинде ар бир жалпы билим берүү мекемесинин китепканасына бирден компьютер, көп функционалдуу жабдык: принтер+сканер+ксерокс жана QR-коддорду окуй турган сканер жеткирилет.

Кийинки жылдын башында бардык жалпы билим берүүчү мекемелердин китепканаларын жогорудагыдай комплект менен камсыздоо пландалууда. Бул өлкөдөгү маалыматтык системаны толук кандуу өнүктүрүүдө жана мектеп билиминин жеткиликтүү болуусуна өбөлгө болот, деп билдирүүдө айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/48