Жогорку Сот Медербек Саккараевдин мандатын кайтарып берди
RU

Жогорку Сот Медербек Саккараевдин мандатын кайтарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку сот БШКнын парламенттик шайлоодо №31 Чүй - Кемин округунан жеңүүчү болгон Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Саккараевдин тарапташтары билдирди.

Эске салсак, БШК Чүй-Кемин округунун No31 округу боюнча жеңүүчү деп табылган Медербек Саккараевди Казакстандын жарандыгы бар экенин көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу каттоодон баш тарткан. Кийинчерээк Казакстандын элчилиги Саккараевдин Казакстан Республикасынын жараны катары тизмеде жок экенин белгилеген.

Жыйынтыгында административдик сот арызды кароодон баш тартып, БШКнын чечимин күчүндө калтырган. Бирок, КР Жогорку сотту талапкердин кассациялык арызы канааттандырды.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы аны ЖКнын депутаттыгына каттоо үчүн жыйын өткөрүшү керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4968