Сойкулук саунасын жабуу талабы менен митингге чыгышкандан кийин милиция текшерүүгө барды
RU

Сойкулук саунасын жабуу талабы менен митингге чыгышкандан кийин милиция текшерүүгө барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында жаштар сауналарды жабуу талабы менен митингге чыгышкан. Ага милиция жооп берди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, 19-декабрда Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине 25-30 жаштар чогулуп, интимдик кызмат көрсөткөн бир нече сауналарды жабуу талабы менен митингге чыгышкан.

Милиция кызматкерлери жаштар менен жолугуп, талаптарын угуп, андан соң алар көрсөткөн сауналарга барышты. Бирок, аларга эч ким эшик ачкан эмес.

Коопсуздук кызматкерлери аталган сауна жана мейманканалардын баарына эскертүү берди.

Жамааттык кайрылууну Жайыл районунун милициясы каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Учурда тергөө иштери уланууда. Аны Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги кабыл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4980