Этият болгула! Бишкекте шылуундар мэриянын кызматкерлеринин атынан акча чогултуп жатышат
RU

Этият болгула! Бишкекте шылуундар мэриянын кызматкерлеринин атынан акча чогултуп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз адамдар шаар тургундарына социалдык тармак аркылуу байланышып, жалпыга жеткликтүү фото сүрөттөрдү колдонуп, өздөрүн Бишкек шаардык мэриянын жетекчилери же кызматкерлери катары тааныштырып, түрдүү шылтоо менен (кайрымдуулук жасоо, гуманитардык жардам көрсөтүү, муктаждарга техника сатып берүү ж.б.) акча которууну сунушташат экен.

"Бишкектин мэриясы эч качан мыйндай ыкма менен акча чогулткан эмес. Жетекчилер жана кызматкерлер мыйзам чегинде гана иш алып барышат, шаардык механихмдердин бардыгы укук талаасында гана ишке ашырылат. Борбордук муниципалитеттин бир да кызматкери мэриянын атынан жеке билдирүү аркылуу кайрылбайт", - деп кайрылууда жазылган.

Этият болгула! Кандай маалымат болбосун ар дайым расмий булактардан текшергиле! Шылуундук фактыларды байкасаңыз, дароо 102 номерине чалып милицияга кайрылгыла.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/49