"Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы". Садыр Жапаров жаңы депутаттарга кайрылды
RU

"Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы". Садыр Жапаров жаңы депутаттарга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров парламентте иш башкармалык боюнча козголгон сөзгө реакция кылды.

Белгилей кетсек, кечээ, VII чакырылыштын депутаттарынын ант берүү аземинде Адахан Мадумаров эгер ал төрага болуп калса ЖКнын иш башкармалыгын президентке бербей турганын белгилеген.

Президент Facebook баракчасында жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.

"VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, "Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы" деген пикирлериңиздерден артка кайтууну өтүнөм. Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул - мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, ал эми силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле Иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик",- деп кайрылган өлкө башчы.

Эске салсак, 2-декабрда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ЖКнын иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгына карап калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5000