REN TV каналы КРда көрсөтүү токтотулгандыгы тууралуу билдирүү түшө электигин билдирди
RU

REN TV каналы КРда көрсөтүү токтотулгандыгы тууралуу билдирүү түшө электигин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

REN TV телеканалына Кыргызстанда көрсөтүү токтотулгандыгы тууралуу эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Бул тууралуу телеканалдын басма сөз кызматы билдирди.

"Каналга ыйгарым укуктуу органдардан REN TV телеканалынын Кыргызстандын аймагында көрсөтүүсү токтотулгандыгы тууралуу эч кандай билдирүү түшкөн жок. Ошол эле учурда телеканалдын республика аймагындагы ишмердүүлүгү дайыма жергиликтүү мыйзамдарды, талаптарды сактоо менен жүргүзүлүп келген", - деп белгиледи маалымат берүү кызматы.

Ошондой эле кырдаалды түшүнүшөрүн айтып, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКлар үчүн маалыматка жана эркиндикке бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишенимин билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2022-жылдын 1-январынан тарта бул телеканалдын өлкө аймагында көрсөтүүсү токтотуларын билдирген. Аталган башкармалык жергиликтүү телеканалдарга лицензиялык көзөмөл жүргүзүп, анын жыйынтыгында беш телерадиоканалды аналогдук көрсөтүүгө тыюу салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5017