"Империя пицца" кафесинде бир нече жигит милицияга кол салышкан
RU

"Империя пицца" кафесинде бир нече жигит милицияга кол салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Пицца империя" кафесинде бир нече жигит милицияга кол салган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 1-январь күнү саат 06:00 чамасында "102" кызматына Ауэзов "Аламүдүн-1" кичи районунун жанындагы "Империя пицца" кафесинде ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге келген Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери келип, чогулгандарды тынчтандырууга аракет кылышкан. Тополоң кылгандар милиционерлердин формасын айрып салышкан.

Ошондой эле алар Хонда Одиссей үлгүсүндөгү кызматтык унаанын каптал айнегин талкалашкан. Мындан тышкары, Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын айнектери сынган.

Кылмышка шектүү катары 1995 жана 1997-жылы туулган эки адам кармалды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылып, ИВСга жайгаштырылды.

Бүгүн, 2-январда Аламүдүн районунун тергөө судьясы Жеңишбек Мелсов өз чечими менен шектүүлөрдү сот залында камактан бошотту. Ошол эле учурда тергөө-ыкчам тобуна келтирилген зыяндын орду толтурулбайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5023