Москвада мигранттар мушташып, 9 кыргызстандык кармалды
RU

Москвада мигранттар мушташып, 9 кыргызстандык кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-январга караган түнү Москванын Текстильщики районунда мигранттардын ортосунда ири жаңжал чыкканын Интерфакс өз булагына таянып жазды.

"Өзбекстандын үч жараны менен Кыргызстандан келген он иммигранттын ортосунда мушташ чыгып, натыйжада үч адам бычактан оор жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын эки жараны жана Кыргызстандын бир жараны жабыркаган. Жеке кастыктан улам жаңжал Грайвороновская көчөсүндө болгон.

Милиция жаңжалга катышкан тогуз кыргызстандыкты кармаган. Алардын бардыгына чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам катары Россия Федерациясында жүрүү режимин бузуу беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү.

Бул берененин санкциясы боюнча Россиянын аймагынан административдик чыгаруу менен беш миңден жети миң рублга чейин айып салууга алып келет.

Кийинчерээк Интерфакс агенттигине ИИМдин Москва башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгонун тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, жалпысынан он адам кармалган.

ИИМде белгиленгендей, "Россия ОМВДнын Москва шаарынын Текстильщики району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) кылмышкерлерге карата процессуалдык чечим кабыл алынган".

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5026