Түптө бирөө бир тууган инисинен да, уулунан да ажырады
RU

Түптө бирөө бир тууган инисинен да, уулунан да ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түптө милиция кызматкерлери 14 жаштагы баланын жана 52 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 2-январда Ысык-Көл районунун Түп айылындагы үйлөрдүн биринен 2008-жылы туулган баланын жана 1970-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Дагы бир адам ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланууда. Маалым болгондой, ал киши маркумдун атасы жана агасы.

Алдын ала маалымат боюнча, үй-бүлө мүчөлөрү көмүр кычкыл газына ууланган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5034