Ооруканага түшкөн Камчыбек Ташиевдин эмне дартка чалдыкканы айтылды
RU

Ооруканага түшкөн Камчыбек Ташиевдин эмне дартка чалдыкканы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Ташиев 4-январь күнү дарылануу үчүн "кызыл зонага" жаткырылганын жазып чыгышкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиргенине караганда, УКМК төрагасынан COVID-19 вирусу табылган жок. Бирок ал пневмония иалдетине кабылган, абалы канааттандырарлык.

Министрликтен консилиум өткөрүлүп тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

Булак: Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5042