Чиновниктердин 2019-жыл үчүн декларациясы 2021-жылы гана жарыяланат
RU

Чиновниктердин 2019-жыл үчүн декларациясы 2021-жылы гана жарыяланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик жана муниципалдык чиновниктердин 2019-жыл үчүн киреше жана чыгашалары тууралуу декларация 2021-жылдын ноябрь айында гана жарыяланат. Мындай маалыматты декларациялар сайтка жарыялана элек болгондуктан Kaktus.media' нын редакциясы Мамлекеттик салык кызматына байланышып алды.

Мамлекеттик салык кызматынын билдирүү боюнча, ушул жылдын апрель айында жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырып жетишпей калган физикалык жактарга 2021-жылдын 1-апрелине чейин, 2019 жана 2020-жылдар үчүн эки декларация толтуруп тапшыруусуна уруксат берилген.

"Демек, декларациялар 2021-жылдын ноябрь айында жарыяланат", - деп салык кызматы маалымдады.

Физикалык жак категориясына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр дагы), транспорттук каражаттын ээлери, салык салынуучу кыймылсыз мүлктүн жана жер тилкелеринин ээлери, юридикалык жак түзбөй туруп ишмердүүлүк жүргүзгөндөр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/50