Улуттук кийим менен тоодо лыжа тээп бараткан кыз (экстремалдуу видео)
RU

Улуттук кийим менен тоодо лыжа тээп бараткан кыз (экстремалдуу видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Диана Войт Тоонун боорунан улуттук кийим менен таяксыз лыжа тепкен. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына видео жарыялады.

"Кыргызстанга болгон чоң сүйүүдөн жаралган. Кыргызстанда туризмдин потенциалы балага деле көрүнүп турат. Бардык аймактарда туризмди өнүктүрүү үчүн амбициялуу мамлекеттик программа керек, анын ичинде ишкерлерге шарттарды түзүү, туризмди агрессивдүү өнүктүрүү керек. Таланттуу, тайманбас, жоопкерчиликтүү жана мекенчилдер аркылуу ишке ашырса болот. Мен ушул жерде төрөлгөм, үй-бүлө курдум, бизнес долбоорлорду иштеп чыктым жана биздеги жашоо үчүн түзүлгөн шарттарга канааттанам", - деп жазган Диана Войт.

Диана Войт Кыргызстандагы La Letty эпиляциялык студиялар тармагынын ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5148