Бишкекте үч эм төрөлдү
RU

Бишкекте үч эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Адамдын репродукциясы боюнча Кыргыз илимий борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1992-жылы туулган бишкектик аял 13-январда, 35-жумада ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү преэклампсия оорусуна байланыштуу шашылыш кесарево операциясы жасалган.

Бир уул (2150 гр) жана эки кыз (2250 гр, 1850 гр) төрөлгөн. Азыр алар балдар бөлүмүндө, абалы орточо, туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5159