Мыктыбек Арстанбек "светтик" сөзүн алып салып, "ислам мамлекети" деп коюууну сунуштады
RU

Мыктыбек Арстанбек "светтик" сөзүн алып салып, "ислам мамлекети" деп коюууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциялык кеңештин секциялык жыйынында талаш жаралды.

Бүгүн, 27-январда, Конституциялык кеңештин секциялык жыйынында, кечээ пленардык жыйын учурунда бир пикирге келе албаган маселелер боюнча талкуу жүрүп жатат. Негизги маселелердин бири Кыргызстандагы диндин орду.

"Мамлекеттик түзүлүштүн негиздери" секциясынын жыйынында ушул суроо талкууланып жаткан. Ага диний ишмер Мыктыбек Арстанбек да топ эркектердин коштоосунда келген. Ал мамлекеттин аныктамасынан "светтик" деген сөздү алып салып, "ислам мамлекети" деген түшүнүктү кошууну сунуштады. Бул сунуш талаш-тартышты жаратып, Мыктыбек Арстанбек жыйындан чыгып кеткен.

"Биз баары бир Кыргызстандын расмий түрдө ислам мамлекети болушуна акыры жетебиз", - деп Мыктыбек Арстанбекти коштоп келген эркектердин бири кетип баратып кыйкырды.

Ал эми бир нечеси жыйын өтүп жаткан залда калган болчу. Секциянын мүчөлөрү добушун берип "светтик мамлекет" бойдон калтырып, Арстанбектин сунушун четке кагышты. Бирок залда калгандар мындай чечимге нааразы болушту.

"Эсеп комиссиясы кайда? Силер кандайча чечим кабыл алып жатасыңар? Кайрадан добуш берүүнү талап кылабыз", - деп бирөөсү айтты.

Жыйындын мүчөлөру алардын талкуусу видеого тартылып жатканына нааразы болуп, видеого тартканды токтотуп залдан чыгып кетүүну талап кылышты.

Жигиттердин бири, Конституциялык кеңештин жыйыны ачык өтүп, бардык жарандар үчүн жеткилктүү болууга тийиш экенин эскертти. Андан кийин жигиттерге залда калганга уруксат беришти, бирок видео тартуусуна тыюу салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/515