Социалдык тармакта инфекция борборундагы жазуу талкууланууда
RU

Социалдык тармакта инфекция борборундагы жазуу талкууланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары Карантиндик жана өтө кооптуу оорулардын республикалык борборуна жаңыдан илинген жазууну талкууга алышты.

"Бул жазууда ким канча ката табат? Кызык, бюджеттен канча каражат сарпталды экен? 😂😂😂 Ал жакта жогорку билими бар дарыгерлер барбы? Же алардын да дипломдору жасалмабы...", - деп Авланбек Джумабеков өз баракчасына жазып, сүрөттөрдү жарыялаган.

Борборго илинген жазуунун орус тилиндеги версиясы "МинистРерство здравоохранИения" деп каталар менен жазылган.

Борбордун өзү сүрөттөр фотошоп эмес экенин тастыктады. Алар билдиргендей, азыркы тапта жазуу кайра оңдолуп жатат. Өткөндө "здравоохранения" деген сөзү бир эле "о" менен жазылып калыптыр болчу, бул ирет министерство деген сөзгө эки "р" тамгасын кошуп коюшуптур, деп республикалык борбордон айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5189