Айсулуу Тыныбекова Кремлде мекендештердин алдында сөз сүйлөдү (видео)
RU

Айсулуу Тыныбекова Кремлде мекендештердин алдында сөз сүйлөдү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токиодо күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиаданын байге ээси Айсулуу Тыныбекова "Элдердин достугу" гала-концертинде сөз сүйлөдү. Концерт Кремлде өткөн.

Концерттин алкагында Кыргызстандын гана артисттери эмес, Борбор Азиянын жылдыздары да, Рэй Хортон да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Тыныбекова өз сөзүндө мекендештерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. "Кайда чыксам, кайда барбайын мени күйүп-жанып колдоп келесиздер. Ар дайым колдоосезип турам. Мен ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн орун алган жалгыз кыз болсом керек деп ойлойм", - дейт ал.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында Москвада да Кыргызстандын франшизаларынын жана бренддеринин көргөзмөсү өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5196