Баткен облусунда мектеп өрттөндү. Анын авариялык абалын айылдыктар көп ирет айтышкан
RU

Баткен облусунда мектеп өрттөндү. Анын авариялык абалын айылдыктар көп ирет айтышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМдин маалыматы боюнча бүгүн, 7-декбарда, эртең менен мектеп өрттөнгөн. Саат 08:06да эки өрт өчүрүүчү бригада жөнөп кеткен. Тагыраак маалыматты ведомство кийинчерээк берүүнү убада кылды.

Айыл тургундарынын айтымында электр зымындагы "замыкание" өрттүн чыгышына себепкер болду. Учурда жогорку вольттук линия электр тутумунан өчүрүлдү.

Мектеп 1982-жылы салынган, ал жерде баштапкы класстар билим алышчу. Мектептин авраиялык абалы тууралуу жергиликтүү тургундар мурда эле айтып, жаңы имарат салууну өтүнүп келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/51